Биз менен байланышыңыз

Милиция: ЦУМ жана ГУМдагы бомба тууралуу маалымат тастыкталган жок

Кыска кабар | 9 Авг 2021 | 693 | 0

«Айчүрөк» (ЦУМ) жана «Чынар» (ГУМ) соода борборлорундагы бомба тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу «Маралга» Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Буга чейин милицияга саат 16:15терде аталган соода борбордо колунда баштыгы бар хижабчан шектүү аял жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция, УКМК кызматкерлери барган. Имарат курчоого алынып, соода борбордогу адамдар сыртка чыгарылган.

Бирок ал маалымат тастыкталбагандыктан, курчоону токтотушкан.

Андан кийин «Чынар» соода борбору курчоого алынып, ал жакта да бомба тууралуу маалымат ырасталган эмес.

Милиция: «ЦУМда аял киши балдарды туткунга алды» деген маалымат туура эмес

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM