Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: Кемпир-Абад каналына агып кеткен баланын сөөгү табылды

Кыска кабар | 9 Авг 2021 | 320 | 0

Кемпир-Абад каналына агып кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМдин аймактык бөлүмүнө Жалал-Абад шаарынын 2006-жылы туулган тургуну Кемпир-Абад каналына түшүп кеткени боюнча маалымат түшкөн. Издөө иштерине жалпы 32 куткаруучу тартылып, айтылган канал аралап өткөн Сузак районунун Комсомол айылы тушундагы көпүрөнүн астынан баланын сөөгү табылган.

Өспүрүмдүн сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM