Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуу 4-9-августта Душанбе шаарында достук маанайда өткөн.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду. Кезектеги жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтөт.