Биз менен байланышыңыз

Оштогу аэропорттун кире беришиндеги шлагбаум мыйзамсыз орнотулганы аныкталды

Кыска кабар | 9 Авг 2021 | 342 | 0

Ош шаарындагы аэропорттун кире беришиндеги шлагбаум мыйзамсыз орнотулганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, 2017-жылы 4-сентябрда №21 жол ишканасы «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсына аэропортко кире бериш жерден жол коопсуздугун камсыздоо жана жашылдандыруу иштери үчүн 165 метр жер берген.

Келишимге ылайык ал жер башка бирөөгө берилбеши керек болгон. Бирок «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы келишим жана мыйзамды бузуп, ал жерди «Т.Г» ЖКЧсына берип койгон. Компания ал жакка мыйзамсыз түрдө шлагбаум орнотуп, аэропортко келген унаалардан акча алып турган. 2-июнда мыйзамсыз орнотулган шлагбаум алынган.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө эки тарап түзгөн келишимдин айрым пункттарына аталган жер тилкесин ижарага берүү тууралуу жалган маалыматтар киргизилгени аныкталган. Бул факт боюнча Жазык кодексинин 320 (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 233-беренелери (коммерциялык жана башка уюмдарда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча иш козголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM