Биз менен байланышыңыз

Греция: Эвбея аралында токойлор бир аптадан бери өрттөнүп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Авг 2021 | 928 | 0

Грециядагы токойлордун өрттөнүүсүнөн улам аянтынын кеңдиги боюнча Криттен кийинки орунда турган Грециянын Эвбея курорт-аралынан 2 миңден ашуун адам коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу BBCнин орус кызматы жазды.

Грециянын дээрлик көпчүлүк аймактарындагы токойлорду өрт жалмап баратат. Алардын эң күчтүүсү Эвбея аралында болууда. Ал жердеги тилсиз жоо менен кармашууга жүздөгөн өрт өчүрүүчү, аскер кызматкери, 17 учак жана тик учак жөнөтүлгөн.

Акыркы маалыматтар боюнча Грецияда 3-августта башталган өрт 56 миң гектардан ашуун аянттагы токойду чарпкан. Мунун башкы себеби катары күндүн өтө ысып кеткенин, айрым аймактарда абанын температурасы 47 градустан да ашканын айтышууда жергиликтүү бийлик.

Белгилей кетсек, мындай өрт Грециядан тышкары Албания, Болгария, Түндүк Македония, Түркия, АКШнын Калифорния штатынын, Орусиянын чыгышы Якутиянын да токойлорун каптап жатат. Учурда Якутиянын борбордук бөлүгүндөгү Баяс-Көл айылында 30дан ашык үй өрттөнүп, айыл эли башка жактарга көчүрүлгөн.

Табият кырсыктарынын байма-бай болуп жатышын технологиянын өнүгүшүнөн, адамдын ишмердигинен көрүшүүдө серепчи-адистер.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM