Биз менен байланышыңыз

«Милиция ишкерлерди көзөмөлдөбөй, коомдук тартипти карашы керек»

Кыска кабар | 9 Авг 2021 | 612 | 0

Президентке караштуу Корруцияга каршы кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова милициянын участкалык кызматкерлерине экономикалык кылмыштар менен иштөөгө ыйгарым укук берүү демилгеси боюнча билдирүү жасады.

Белгилүү болгондой, 15-июлда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров ИИМ менен Салык кызматына мекемелер аралык комиссия түзүп, экономикалык тармактагы (лицензия, уруксат берүү ж.б.) мыйзам бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ИИМге (участкалык кызматкерлерге) ыйгарым укуктарды берүү документинин долбоорун бир ай ичинде иштеп чыгууну жана Министрлер кабинетине сунуштоону тапшырган.

Милициянын участкалык кызматкерлерине экономикалык тармак боюнча ыйгарым укук берүү үчүн бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек болот. Мындан улам бул багытта иш алып баруу үчүн жумушчу топ түзүлгөн.

Муканова Акылбек Жапаровдун тапшырмасы президент Садыр Жапаровдун бизнести коргоо жөнүндө жарлыктарына каршы келерин белгилейт.

Ал билдиргендей, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмдөрүнүн коррупциялашып кеткенинен жана ИИМдин башка бөлүмдөрүнө да терс таасирин тийгизгени үчүн 2010-жылы экономикалык иштерди иликтөө боюнча милдет ИИМден Каржы полициясына өткөрүлгөн. Жакында эле корруциялашып кетти деген жүйө менен Каржы полициясы менен УКМКдагы Коррупцияга каршы кызмат жоюлду.

Муканова ИИМ түзгөн жумушчу топ бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу жок түзүлгөнүн, ошол эле учурда алардын ишинин жыйынтыгы ишкерлердин ишине түздөн-түз таасир этерин белгилейт. Ал милициянын участкалык кызматкерлерине экономикалык иштерди кароого укук берүү коррупциялык схемаларды түзүүгө жагымдуу шарт түзөт деп эсептейт.

«Ошондуктан экономикалык багыттагы чечимдерди кабыл алууда ИИМдин ыйгарым укуктарынын алкагында иштөөнү суранабыз. Милициянын участкалык кызматкери ишкерлерди көзөмөлгө албай, өз аймагында коомдук тартипти карап, кылмыштардын алдын алуу иштерин жүргүзүшү керек», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM