Биз менен байланышыңыз

Таланттуу режиссёр Жалил Мидинов акыркы сапарга узатылды

Кыска кабар | 9 Авг 2021 | 547 | 0

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, таланттуу театр режиссёру, Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын көркөм жетекчиси Жадылбек (Жалил) Мидиновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 9- августта болуп өттү.

Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, туугандары, замандаштары жана кесиптештери катышты.

Жадылбек Мидиновдун сөөгү «Ала- Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Жалил Мидинов 1956-жылы 15-июлда Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында жарык дүйнөгө келген.

1975-жылы Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык студияны аяктаган. Алгачкы эмгек жолун М. Жангазиев атындагы куурчак театрында актёр болуу менен баштаган.

1983-1987-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун театр режиссёру адистиги боюнча окуган.

1990-1991-жылдары Н. Черкасов атындагы Санкт-Петербург мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтунун жогорку режиссёрдук курсунда белгилүү режиссёр, Россия Федерациясынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер А. Белинскийдин классында окуган.

Санкт-Петербургдагы окууну аяктап келгенден кийин М. Жангазиев атындагы куурчак театрында башкы режиссер болуп эмгектенген.

1996-1998-жылдары Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында режиссёр-коюучу кызматын аткарган. 1998-жылы эксперименталдык куурчак театрларынын негиздөөчүсү жана жетекчиси болуп «Тунгуч» театрынын алдында иш алып барган.

2008-жылы кайрадан М. Жангазиев атындагы куурчак театрында башкы режиссёр болуп дайындалган. Андан соң театрдын көркөм жетекчиси жана режиссёру, Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын режиссёру, М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси болгон. Өмүрүнүн соңку жылдарында Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында көркөм жетекчилик кызматты аркалап турган.

Жалил Мидинов чыгармачылык өмүрүндө Вильгельм Гауфтун «Калиф-аист», Жедигер Саалаевдин «Меер-мөөр», Сергей Козловдун «Поющий поросенок» Жамал Сейдакматованын «Куурчактар жана балдар» шоу-программасын, Шарль Перронун «Спящая красавица», Жалил Мидиновдун «Жалгыз чабан», Римма Маркованын «Лесная пасека», Владимир Масловдун «Күнөстүү коенек», Э. Мусаевдин «Ким күнөөлүү?», Жаныш Кулманбетовдун «Уурдалган от», Рустем Мингалимовдун «Темир кулактуу шайтан», Юруслан Тойчубековдун «Кыдыр», Жалил Садыковдун «Зыкым жана байкуш», Владимир Масловдун «Коенек», Ош ОУДТда «Токойдогу окуя» «Кетпечи, Бугу-Эне» спектаклдерин сахналаштырган.

Анын эң бир синтездештирилип коюлган негиздүү спектаклдеринин бири Бакы Өмүралиевдин «Томого» пьесасы көптөгөн алдыңкы сыйлыктарга жетишти. 2011-жылы Алматы шаарында өткөн «Ортеке» эл аралык фестивалында Гран-Прини жеңип алган. 2009-жылы Казань (Орусия) шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин театрларынын эл аралык фестивалында көрүүчүлөрдүн жана калыстардын жогорку баадагы алкоосуна арзыган.

«Тунгуч» жаштар театрында Чынгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде «Кетпечи, Бугу-Эне» спектакли заманбап формада сахналаштырылып, 2010-жылы Кытайда өткөн эл аралык фестивалда биринчи сыйлыктын номинанты болгон.

Чыгармачылык талантынын көп кырдуулугунун негизинде куурчак театрынын спектаклдеринен сырткары драмалык чыгармаларды да сахналаштырып, кыргыз театр искусствосунун өнүгүшүнө зор салымын кошуп келди. Алсак: М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында Султан Раевдин «Маң» аттуу пьесасын сахналаштырып, Ч. Айтматовдун 90 жылдык юбилейине карата Бишкек шаарында өткөн эл аралдык фестивалда алдыңкы сыйлыкты жеңип алган болсо, жогоруда аталган театрда сахналаштырылган Чынгыз Айтматовдун «Жамийла» спектакли менен 2019-жылы Ош шаарында өткөн ART-ORDO-VII эл аралдык театр фестивалына катышып, Гран-Прини жана алдыңкы номинацияларды багындырышкан.

Ж. Мидинов биздин өлкөдөн сырткары Кытай Эл Республикасында, Литвада, Монголияда, Орусияда, Өзбекстанда, Казакстанда өткөн ар кандай эл аралык кароо-сынактардын, фестивалдардын катышуучу жана жеңүүчүсү болгон.

Кыргыз Республикасынын маданияты менен көркөм өнөрүнүн өнүгүп-өсүшүнө чын ылакстан кызмат кылып, зор эмгектерди сиңиргендиги мамлекет тарабынан бааланып, Кыргызстандын улуттук «Эргүү» театр искусствосу сыйлыгынын эки жолку ээси, Маданияттын мыкты кызматкери, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер жана башка бир нече сыйлыктардын ээси болгон.

Эске салсак, ал кечээ, 8-августта 65 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM