Биз менен байланышыңыз

Японияда атом бомбасынын курмандыктары эскерилди

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Авг 2021 | 547 | 0

Бүгүн, 9-августта Японияда Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Нагасаки шаарына ташталган атом бомбасынын курмандыктары эскерилди.

Иш-чара Нагасаки шаарынын борборундагы Тынчтык сейил багында өттү. Эскерүү мүнөтү саат 11:02де (Бишкек убактысы боюнча 08:02де) жарыяланды: мындан 76 жыл мурда 1945-жылдын 9-августунда дал ушул убакытта АКШнын аскер учагы шаарга таштаган атом бомбасы жарылган.

Эскерүү мүнөтүнөн кийин өкмөт башчы Ёсихидэ Суга менен калаа башчысы Томихиса Тауэ өз кайрылууларын окуду.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу эскерүү иш-чарасынын программасы быйыл да өзгөргөн. Ага карабай чакырык алган бир нече дипломат катышты.

Нагасаки – Хиросимадан (бул шаарга бомба 6-августта ташталган) кийин атом бомбасы ташталган Япониядагы экинчи шаар. Бомбанын жарылуусунан 70 миң адам курман болуп, кийинчерээк жардыруунун кесепетинен он миңдеген адам каза тапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM