Биз менен байланышыңыз

Олимпиада: Кыргызстан 70-орунду  ээледи

Кыска кабар , Спорт | 9 Авг 2021 | 801 | 0

Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында медалдардын саны боюнча Кыргызстан 200дөн ашык мамлекеттин ичинен 70-орунду  ээледи.

Кыргызстан бул Олимпиадада 2 күмүш, 1 коло алды. Күмүш медалдарды балбандар Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова, ал эми колону Мээрим Жуманазарова утту.

Олимпиадада медалдардын саны боюнча биринчи орунду спортчулары 39 алтын, 41 күмүш жана 33 коло алып берген АКШ ээледи. Экинчи сапка 38 алтын, 32 күмүш жана 18 коло менен Кытай жайгашты. Ошондой эле 27 алтын, 14 күмүш жана 17 коло алган Япония үчүнчү орун алды.

Борбор Азия мамлекеттеринен Өзбекстан 3 алтын, 2 коло утуп, 32-орун алды. Түркмөнстан 1 күмүш медалы менен 77-орунга жайгашты. Ал эми куржунуна 8 коло байге салган Казакстан 83-орунду ээледи.

Тажикстандын спортчулары Токиодогу Олимпиадада медаль ала алышкан жок.

Эскерте кетсек, Токиодогу Олимпиада оюндары 23-июлдан 8 августка чейин болуп өттү. Ага 200дөн ашык мамлекеттен 12 миңге жакын спортчу катышты. Кыргызстандан бул Олимпиадага 16 спортчу барды.

Кийинки Олимпиада оюндары 2024-жылы Парижде өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM