Биз менен байланышыңыз

9-августтан тарта AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө кайра уланат

Кыска кабар | 8 Авг 2021 | 462 | 0

Эртең, 9-августтан тарта AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө кайрадан уланат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик маалымдагандай, Ала-Бука аскер бөлүгүнөн ооруканага түшкөн 56 кызматкердин абалы учурда жакшы. Алардын дене табынын көтөрүлүүсү, баш оорусу организмдин вакцинага таасири катары бааланып, мунун пайда болушуна жаштардын корккону, тынчсызданганы себеп болгону белгиленди.

Белгилей кетсек, 5-августта Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук аскер бөлүгүндө 90 жоокер AstraZeneca вакцинасы менен эмделген. Көп өтпөй алардын 44үнүн дене табы көтөрүлүп кеткен. Айрыкча төрт жоокердин дене табы 39 градустан түшпөй, баштары ооруп жатканы айтылган. 6-августта эмдөө терс таасир бергендердин саны 56га жеткен.

Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө убактылуу токтотулганын, кайра улантуу же таптакыр албоо чечими толук иликтенип бүткөндөн кийин чыгарын жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM