Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Ишембилик учурунда 38 тонна таштанды чыкты

Кыска кабар | 8 Авг 2021 | 1361 | 0
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов ишембилик учурунда. 7.08.2021

Кечээ, 7-августта Бишкек шаарында өткөн жалпы ишембиликте 38 тонна таштанды тазаланды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жалпы шаардык ишембиликке 380 уюм-мекеменин 5 миң 841 кызматкер-жумушчусу чыккан. Чогулган таштандыны алып кетүү үчүн 34 атайын унаа тартылган.

Бишкек мэриясы ишембиликке катышкан бардык жарандарга ыраазычылык билдирип, айлана-чөйрөнү таза кармоого чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM