Биз менен байланышыңыз

Улукбек Мариповдун Ысык-Көлгө жасаган иш сапарынан фоторепортаж

Кыска кабар | 8 Авг 2021 | 574 | 0

Кечээ, 7-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары аяктады.

Сапардын жүрүшүндө төрага селдин кесепетинен жабыркаган Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна барып, жергиликтүү калк менен жолукту.

Каракол шаарындагы «Бугу Эне» зоопаркынын абалын жеринен көрүп, резервдик фондунан 50 миң сом акчалай көмөк көрсөттү. Жергиликтүү бийликке зоопаркты колдоого алуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине селдин кесепеттерин жоюу тапшырмасын берди.

Мөндүрдөн жабыркаган Түп районунун Арал айыл аймагынын жер тилкелерин кыдырды. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине чыгымга учураган дыйкандарга жардамдашууну тапшырды.

Ошондой эле Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылындагы «Кредо-Бак» кооперативинин, Ананьево айылындагы «Этнопродукт» ишканасынын иши менен таанышты.

Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды көрүп чыкты. Министрлер кабинетинин башчысы шаарда заманбап талаптарга жооп берген тазалоочу курулмаларды куруу жана эс алуу жайларын, пансионаттарды жана башка жайларды канализация тутумуна кошуунун маанилүү экенин белгилеп, бул боюнча тиешелүү тармактын жетекчилигине бир катар тапшырмаларды берди.

Андан тышкары Түп районунун Тасма айылынын тургундары менен жолугушту. Алар көп жылдан бери каражат бөлүнбөй жаткан жолдун курулушу боюнча көйгөйлүү маселени көтөрүштү. Улукбек Марипов белгилегендей, келерки жылы аталган тилкени жолдорду куруу жана реконструкциялоо боюнча тийиштүү тизимге киргизүү маселеси каралат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM