Биз менен байланышыңыз

Олимпиаданын жабылыш аземинде өлкө туусун балбан Эрназар Акматалиев көтөрүп чыгат

Кыска кабар , Спорт | 7 Авг 2021 | 740 | 0

Эртең, 8-августта Токиодогу Олимпиада оюндарынын жабылыш аземинде Кыргызстандын туусун эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев көтөрүп чыгат.

Олимпиаданын жабылыш аземи Токиодогу Улуттук стадиондо өтөт. Ал Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.

Токиодогу Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу катышты. Бул Олимпиадада Кыргызстан куржунуна 2 күмүш, 1 коло сала алды. Кыргызстанга күмүш байгелерди Айсулуу Тыныбекова (62 кг) менен Акжол Махмудов (77 кг), ал эми коло медалды Мээрим Жуманазарова (68 кг) алып берди.

Белгилей кетсек, Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи 23-июлда болуп өткөн. Анда Кыргызстандын туусун суучул Денис Петрашов менен ок атуу спорту боюнча чебер Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыккан.

Эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM