Биз менен байланышыңыз

26-августта Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери шайланат

Кыска кабар | 7 Авг 2021 | 351 | 0

26-августта Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо өтөт. Бул тууралуу «Маралга» Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдажапар Бекматов билдирди.

Мэрлерди аталган эки калаанын шаардык кеңешинин депутаттары шайлайт.

Белгилей кетсек, 2-августта Бишкекке мэрдин милдетин аткаруучу болуп Ош шаарынын мурдагы калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов, ал эми Ошко Алмаз Мамбетов дайындалган.

Алмаз Мамбетов 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри болгон. 2019-2020-жылдар аралыгында Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеди. Былтыркы октябрь окуяларынан кийин президенттин иш башкармалыгына келип иштеди.

Таалайбек Сарыбашев Ош шаарын 2018-жылдан бери жетектеп келди. 2012-2015-жылдар аралыгында Ош облусунун Алай районунун акими, андан соң 2018-жылга чейин өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM