Биз менен байланышыңыз

Республикалык штаб AstraZeneca вакцинасына байланыштуу жагдайды иликтөөнү тапшырды

Кыска кабар | 7 Авг 2021 | 458 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын жетекчилиги алдында Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмеси өткөрүлдү.

Кеңешмеде өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, эмдөө иштери, жаңы окуу жылына карата даядыктар талкууланган.

Андан тышкары Ала-Букадагы AstraZeneca вакцинасын алгандан кийин абалы начарлап кеткен аскер кызматкерлери менен байланыштуу учур каралган.

Бакашова Саламаттык сактоо министрлигине бул жагдайды иликтеп, терс таасирлердин келип чыгуу себептерин аныктап чыгууну тапшырган.

Белгилей кетсек, 5-августта AstraZeneca вакцинасын алган 50гө чукул аскердин дене табы көтөрүлүп, ооруканага кайрылган. 6-августта Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы туруктуу экенин билдирген. Ошол эле учурда аталган вакцинаны колдонуу убактылуу токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM