Биз менен байланышыңыз

Жапаров маданият министри Кайрат Иманалиевге сөгүш жарыялады

Кыска кабар | 7 Авг 2021 | 4351 | 0

Бүгүн, 7-августта «Ала-Тоо» аянтында Олимпиадага катышып келген спортчуларга арналган салтанаттуу иш-чарада президент Садыр Жапаров маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевге сөгүш жарыялады.

Министр Олимпиадада күмүш байге алган Акжол Махмудов менен коло байге уткан Мээрим Жуманазаровага сөз берилбей калганы үчүн сөгүш алды.

Иш-чаранын башында президент сөз сүйлөгөн. Андан кийин сөз Кыргызстандын Олимпиада курамасынын капитаны Атабек Азисбековго, андан соң Айсулуу Тыныбековага берилген.

Алардан кийин Жапаров сөз сүйлөп жатканда эл Акжол Махмудов менен Мээрим Жуманазаровага да сөз берүүнү талап кылды. Ошондон кийин эки спортчу эл алдына чыгып, сөз сүйлөдү.

Спортчулар сөзүн жыйынтыктагандан соң Жапаров министрге сөгүш жарыялай турганын айтты.

«Урматтуу катышуучулар, урматтуу кыргызстандыктар, уюштуруучулардын анча-мынча кемчилиги кетип калат. Эки спортчуга сөз берилбей калганын байкабай калыптырмын. Сиздердин алдыңыздарда министрге (маданият министрине – ред.) сөгүш жарыялайм», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM