Биз менен байланышыңыз

Токиодогу Олимпиадада байге алган балбандарга мамлекеттик сыйлык берилет

Кыска кабар | 7 Авг 2021 | 512 | 0

Токиодогу Олимпиада оюндарында медаль алган балбандарга мамлекеттик сыйлык берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында Олимпадага катышкан спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына арналып уюштурулган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Иш-чаранын башында президент сөз сүйлөп, спортчулардын Токиодогу ийгилиги тууралуу айтып, аларды таптап, мелдешке даярдаган машыктыруучуларга ыраазычылык билдирди.

«Жеңишке жетүү оңой-олтоң иш эмес. Анткени Олимпиадага төгөроктүн төрт бурчунан келген эң мыкты спортчулар катышат. Ар бир өлкө эң күчтүүсүн, эң мыктысын жөнөтөт. Алардын арасынан суурулуп чыгуу, медаль утуу чоң ийгилик. Сиздердин жеңиш миңдеген жаштардын жүрөгүн толкутуп, илгери шыктандырат. Силерди өрнөк тутуп, силердей болгусу келгендердин арасынан далай чемпиондордун чыгышына терең ишенем. Сиздер Олимпиада оюндарынын медалдарына гана эмес, Кыргыз мамлекетинин жогорку сыйлыгына татыктуусуздар», — деди ал.

Президенттин сөзүнөн кийин спортчулар сүйлөп, андан соң  концерттик иш-чара башталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM