Биз менен байланышыңыз

Акжол Махмудов: Алтын утуш үчүн өзүмө ишенич жетпей калды

Кыска кабар , Спорт | 7 Авг 2021 | 673 | 0

Олимпиада оюндарынын финалында алтын утуш үчүн өзүмө ишенич жетпей калды. Бул тууралуу Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш байге алган балбан Акжол Махмудов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Финалда өзүмө ишенич жетпей калды, тактика жагынан ката кетирдик. Утканга бүт мүмкүнчүлүгүм болгон. Мен даяр болчум. Колуман келген бардык нерсени жасай алган жокмун. Бирок колуман келгендин баарын жасасам, жеңе алмакмын», — деди ал.

Махмудов Олимпиада оюндарында кетирген каталары ага чоң сабак болгонун айтат.

«Бул нерсе мага чоң сабак болду. Эми мындай каталарды кетирбеш үчүн мунун үстүндө иштеш керек. Олимпиадада бир жолу ката кетирсең 4 жыл күтүш керек болот. Бирок күмүш медалга да нааразы эмесмин, Кудайга шугур. Башкысы жаракат алган жокмун. Спортту улантып, алдыда чоң ийгиликтерди багындырсам болот», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM