Connect with us

Парламент төрагасы Мамытов Иран президентинин инаугурациясына катышты

Кыска кабар | 7 Авг 2021 | 319 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган Кыргызстандын делегациясы Иран президенти Ибрахим Раисинин инаугурациясына катышты.

Делегациянын курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Замирбек Эсенаманов, Кыргызстандын Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыков болду.

Ибрахим Раисинин инаугурациясы 5-август күнү болуп өттү. Раиси президенттик кызматка киришип жатып өлкө Конституциясын сактоого ант берип, элдин көйгөйүн чечүүгө бардык күчүн жумшай турганын убада кылды. Андан кийин ал президенттик ишиндеги ички жана тышкы саясаттагы пландары тууралуу айтып берди.

Белгилей кетсек, Иран президентинин инаугурациясына 73 мамлекеттен 100дөн ашык расмий адам чакырылган.  Иш-чарага президенттер, парламент спикерлери, тышкы иштер министрлери, президент өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Иранда президенттик шайлоо 18-июнда болуп өткөн. Шайлоону 17 млн 800 миң адамдын добушун алган Ибрахим Раиси жеңип чыккан. Ал 1960-жылы 14-декабрда туулган. Учурда 60 жашта.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM