Connect with us

Марипов Караколдогу селден жабыркаган зоопаркка барды

Кыска кабар | 6 Авг 2021 | 425 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Каракол шаарындагы селден жабыркаган «Бугу Эне» зоопаркына барды.

Кыдыруу учурунда Марипов бул зоопарк уникалдуу болуп саналарын жана ага колдоо көрсөтүү керектигин айтты. Жардам катары зоопарктын жетекчилигине резервдик фонддон 50 миң сом берди. Ага заманбап зоопарктын башкы планынын долбоору тартууланды.

Марипов жергиликтүү бийлик органдарына зоопаркка ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү, ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жакында жүргөн селден кийинки калыбына келтирүү иштерине көмөк көрсөтүүнү тапшырды.

Зоопаркта айбанаттардын жана куштардын 30дан ашуун түрү бар.

Белгилей кетсек, өткөн аптада Ысык-Көлдө болгон сел учурунда Караколдогу зоопаркты суу каптаган. Мындан улам зоопарктын жетекчилиги кайдыргер эмес адамдарга кайрылып, акчалай жардам берүүнү суранган.

Караколдогу зоопаркты сел каптап, акчалай жардамга муктаж болууда

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM