Connect with us

Баткен: Лейлектин эли бууп салган «Ош-Баткен-Исфана» жолу ачылды

Кыска кабар | 6 Авг 2021 | 422 | 0

Баткен облусунун Лейлек районунун эли бууп салган «Ош-Баткен-Исфана» жолу ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкүлчүлүктүн билдиргени боюнча, 3-август күнү Лейлек районунун Өзгөрүш айылында жергиликтүү тургундар Алмалуу тоосундагы «Апрель АZI» алтын кен ишканасына нааразычылыктарын билдирип, техникаларын талкалап, кызматкерлерин ур-токмокко алган. Мындан улам башаламандыкты уюштурууга катышкан жарандар убактылуу кармоочу жайга камалган.

Бүгүн Лейлек районунун Катраң айыл аймагынын тургундары кендин иштешине каршылыгын билдиришип жана кармалгандарды кое берүү талабын коюшуп, «Ош-Баткен-Исфана» жолун тосушкан. Облус башчысы Абдикарим Алимбаев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери эл менен жолугуп, сүйлөшкөндөн кийин жол ачылган.

«Эл менен жолугушууда жергиликтүү тургундардын убактылуу кармоочу жайда кармалып турган жарандарды бошотуу талабы боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканы, маселе мыйзам чегинде каралары айтылды», — деп билдирет өкүлчүлүк.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM