Connect with us

Советтер Союзунун Баатыры Иван Панфиловдун эстелиги кайра жасалат

Кыска кабар | 6 Авг 2021 | 507 | 0

Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун эстелигин колодон кайра жасоо демилгеси көтөрүлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Президенттин администрация жетекчиси Сүйүнтбек Касмамбетов Орусиянын Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Василий Козлов жана Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы консулу Руслан Байбосунов, айкелчи Иван Дубровин менен жолугушуу өткөрдү.

Анда эки тараптуу байланыштарды кеңейтүү сыяктуу бир катар маселелер менен катар Бишкектеги Иван Панфиловдун атын алып жүргөн парктагы анын эстелигин жаңыртып жасоо демилгеси көтөрүлдү.

Сүйүнбек Касмамбетов Орусия тараптын Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 30 жылдыгына карата Иван Панфиловдун эстелигин колодон кайра жасап берүү демилгесине ыраазычылык билдирип, уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берди.

Белгилей кетсек, Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфилов Улуу Ата Мекендик согушта дээрлик басымдуу бөлүгүн кыргыз-казак жоокерлери түзгөн 316-аткычтар дивизиясын жетектеп, Түндүк-Батыш фронтунда фашисттик Германияга каршы салгылашкан. Айрыкча СССР тарыхында «28 панфиловчу баатыр» деген ат менен калган ушул дивизиянын курамындагы төртүнчү ротанын аткычтары Москва шаарын коргоодо өзгөчө эрдик көрсөтүшкөн. Иван Панфилов согушта курман болгон.

Жогоруда сөз болуп жаткан эстелик 1942-жылы тургузулган. Авторлору: Ольга Мануйлова, Аполлон Мануйлов жана Александр Могилевский.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM