Биз менен байланышыңыз

Шойгу: Ооган тараптан агрессия болсо, Кыргызстан менен Тажикстандагы базалар колдонулат

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Авг 2021 | 1124 | 0

Ооганстан тараптан түз агрессия болгон учурда ЖККУ чегин коргоого Орусиянын Тажикстан жана Кыргызстандагы аскер базалары тартылат. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдирди.

Кечээ, 5-августта Орусиянын илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн илимий кызматкерлери менен болгон жолугушууда ага Ооганстан тараптан болгон коркунучтарды жок кылуу үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканы тууралуу суроо узатылган.

«Биздин Тажикстандагы база жетишерлик кубаттуу, күчтүү. Ал түз агрессия болгон учурда ЖККУ чектерин коргоого тартылат. Бул нерсе биздин Кыргызстандагы базабызга да тиешелүү. Ал жакта да ушундай муктаждык жаралып калышы ыктымал», — деди ал.

Анын айтымында, ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргонуу дарамети Орусияга тең келбегендиктен, алар Ооганстан маселеси боюнча жардамга муктаж.

«Талибан» кыймылы менен болгон макулдашууларыбыз аткарылат деп ойлойбуз. Бирок мурда болгондорду эске алганда, ага ишенүү кыйын. Ал биздин өлкөгө келбеши үчүн бул багытта иштөө керек. Бул жерде биздин ЖККУдагы мүчөлөрдү ар тараптан колдоп, жардам беришибиз зарыл», — деген ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM