Биз менен байланышыңыз

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу Борбор Азиядагы маанилүү жолдордун бири болот»

Кыска кабар | 6 Авг 2021 | 487 | 0

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору Евразия темир жол түйүнүнүн Борбор Азия тилкесиндеги альтернативдүү жана маанилүү линияларынын бири болуп калат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-августта Түркмөнбашы шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунда билдирди.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө Борбордук Азия аймагын дүйнөлүк сооданын маанилүү хабдарынын бирине айлантуу үчүн бардык өбөлгөлөр бар экенин белгиледи. Учурда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу маанилүү транспорттук коридорлор өтөт, алардын ичинде ТРАСЕКА, БАРЕК, ШКУ жана башкалар бар.

Ал ошону менен бирге, дүйнөлүк океандарга чыгууга мүмкүнчүлүгү болбогон Борбор Азия чөлкөмүнүн обочолонуп турганы аталган аймактагы өлкөлөрдүн натыйжасын жогорулатуу боюнча аракеттерди күчөтүүнү жана биздин өлкөлөрдүн деңиз портторуна чыгууга мүмкүндүк берген жаңы транспорттук коридор түзүүнү талап кыларын белгиледи. Бул стратегиялык маанидеги милдет болуп саналат.

«Эл аралык автомобиль жана темир жолдорду мындан ары кеңейтүү, логистикалык борборлорду жана транспорттук терминалдарды куруу регион үчүн приоритеттүү мааниге ээ. Региондун ичинде унаа жолу менен жүк ташууну өнүктүрүү жана ташуу чыгымдарын кыскартуу регион аркылуу өтүүчү транспорттук коридорлордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.

Кыргызстанда эл аралык стандарттарга жана шарттарга туура келген жол жана транспорт инфраструктурасы активдүү өнүгүп жатат. Эл аралык транспорттук артериянын бир бөлүгү болуп кала турган «Түндүк-Түштүк» жаңы транзиттик унаа жолунун курулушу жүрүп жатат», — деди ал.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүүчү Борбор Азия, КЭР, ЕАЭБ, ЕБ өлкөлөрүнүн ортосундагы транзиттик жүктөрдү Карачи жана Бандер-Аббас портторуна жеткирүүдө кыска убакытты жана арзан чыгымдарды камсыз кылууга жөндөмдүү болгон транзиттик коридорлорду белгиледи. Евразия темир жол инфраструктурасын куруунун жана модернизациялоонун зарылдыгын белгилөө керек. Кыргызстан бул инфраструктуранын бир бөлүгү болууга кызыкдар.

Ал Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн отун-энергетика тармагы боюнча кызматташтыгын чыңдоо жана жаратылыш газын, электр энергиясын, ошондой эле суюлтулган газды эки тарапка тең пайдалуу шарттарда жеткирүү боюнча макулдашууга жетишүү зарылдыгына басым жасады. Бул багытта Кыргызстан Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен тыгыз кызматташып жатат.

Мындан сырткары, Борбор Азияда мультимодалдык транспорттук коридорлордун өз ара пайдалуу колдонулушун камсыз кыла турган суудагы жана жердеги транспорт ортосундагы функционалдык шайкештикти иликтөө боюнча «чакан жерлерди» биргелешип иштеп чыгууну улантуу сунушталууда.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров эгерде мамлекеттик чек арадан өтүүгө байланышкан тоскоолдуктар сактала бере турган болсо, ийгиликтүү ишке ашырылган инвестициялык долбоорлор жана жаңы транспорттук коридорлор региондогу өлкөлөргө эч кандай пайда алып келбей тургандыгын айтты.

«Буга байланыштуу эл аралык ташуулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана өлкөлөр ортосунда жүктөрдүн кечигип, кармалып өтүүсүнө жол бербөө, ошондой эле экономикалык кооперацияга болгон тоскоолдуктарды жоюу, өлкөлөрдүн ортосундагы чек арадан жана транзиттен өтүүнүн жол-жоболорун жумшартуу маанилүү», — деп айтты ал.

Президент Садыр Жапаров соода тармагындагы өз ара кызматташтыкты активдештирүү максатында кыргыз тарап Министрлер кабинетинин төрагаларынын соода маселелери боюнча иш алпарган орун басарларынын деңгээлинде беш тараптуу өкмөттөр аралык комиссияны түзүү маселесин карап чыгууну сунуштап жатканын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM