Биз менен байланышыңыз

Жапаров Бердымухамедов менен газ, электр энергиясын сатып алуу маселесин талкуулады

Кыска кабар | 6 Авг 2021 | 534 | 0

Бүгүн, 6-августта президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту.

Эки президенттин жолугушуусу Түркмөнбашы шаарындагы Борбор Азия мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында болуп өттү.

Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн соода-экономикалык алакасы, Түркмөнстандан Кыргызстанга жаратылыш газын жана электр энергиясын импорттоо, туризмди өнүктүрүү жана башка маселелер талкууланды.

Ошондой эле Жапаровдун июнь айынын аягында Ашхабадга жасаган расмий сапарынын алкагындагы макулдашууларды ишке ашыруу маселелери каралды.

Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекет башчыларынын саммитине Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM