Биз менен байланышыңыз

Эртең «Ала-Тоо» аянтында Олимпиадада байге алган спортчулар менен жолугушуу өтөт

Кыска кабар , Спорт | 6 Авг 2021 | 603 | 0

Эртең, 7-августта Токиодогу Олимпиада оюндарына катышкан спортчулардын Кыргызстанга кайтып келишине карата Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында салтанаттуу иш-чара уюштурулат.

Салтанат саат 13:00дө башталат. Анда Олимпиадага катышкан, байге алган спортчулар жана алардын машыктыруучулары эл менен жолугушат.

Иш-чара концерттик программа менен коштолот.

Бүгүн, 6-августта грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча балбандар жана алардын машыктыруучулары Кыргызстанга жолго чыгышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM