Биз менен байланышыңыз

Токио-2020: Айаал Лазарев көңүл жубатуучу беттеште утулуп калды

Кыска кабар , Спорт | 6 Авг 2021 | 456 | 0

Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев (125 кг) Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарынын көңүл жубатуучу беттешинде түркиялык балбан Таха Акгүлгө 4:0 эсебинде утулуп калды.

Эркин күрөш боюнча 125 кг салмакта килемге чыккан Айаал Лазарев 1/8 айлампада АКШ балбаны Ден Гейбл Стивсон менен беттешип, 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңилген. Ден Гейбл Стивсон финалга өткөнүнө байланыштуу кыргызстандык спортчу көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган.

Белгилей кетсек, Токио-2020 Олимпиада оюндарында 2 күмүш, 1 коло байге менен Кыргызстан 66-орунда келатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM