Биз менен байланышыңыз

HRW уюму Жапаровду «жалган маалымат жөнүндө» мыйзамга вето коюуга чакырды

Кыска кабар | 5 Авг 2021 | 3446 | 1

«Хюман Райтс Уотч» уюму (HRW) парламент 28-июлда кабыл алган «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам боюнча билдирүү жасады.

Уюм ал мыйзам Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектей турганын белгилеп, президент Садыр Жапаровду ага вето коюуга чакырды.

«Жалган маалымат тууралуу жаңы мыйзам Кыргызстандагы сөз эркиндигине, маалымат каражатынын эркиндигине коркунуч жаратып, өлкөнүн адам укуктары тармагындагы беделине доо кетирет. Ал мамлекеттик цензурага жол ачып, Кыргызстандын адам укуктары боюнча өзүнүн жана эл аралык милдеттенмелерине каршы келет», — деп белгилейт уюм.

«Хюман Райтс Уотч» уюму белгилегендей, мыйзамда «ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга» аларга түшкөн арыздын негизинде, соттун чечими жок эле «калп же анык эмес» деген маалымат камтылган сайттарды жабуу же бөгөттөөгө укук берилет. Анда «калп же анык эмес» маалымат деп, адамдын (юридикалык жактын) кадыр-баркына шек келтирген маалымат түшүндүрүлөт. Ошол эле учурда адамдын кадыр-баркын коргоого багытталган башка мыйзам иштеп келет.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам «Маалыматтарды манипуляциялоо жөнүндө» деген ат менен былтыр парламент тарабынан үч окуудан өтүп, президенттин кол коюусуна жөнөтүлгөн. Бирок коомчулук катуу каршылыгын билдиргенден кийин президент мыйзамга кол койбой, толуктап иштеп чыгуу үчүн артка кайтарган.

1 пикир

1 пикир

  1. Ө.Токтонасыров ,жарандык активист.

    06.08.2021 11:22

    Туура.С.Жапаров бул чакырыкка маани бербесе терең жаңылышат.Өзүнүн саясатын сындап жаткандардын саны дагы арбып,ал турмак ага ишеним көрсөтпөө демилгеси курчуйт

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM