Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта иш сапары менен Түркмөнбашы (Түркмөнстан) шаарына келди.
Президенттин учагы Түркмөнбашы шаарынын эл аралык аэропортуна конуп, аны Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Чарымурад Пурчеков тосуп алды.
Эл аралык аба майданда Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик туулары илинип, килемчелер төшөлгөн.
Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышат. Ошондой эле ал башка президенттер менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.