Connect with us

Равшан Жээнбеков кайра камалды

Кыска кабар | 5 Авг 2021 | 539 | 0

Саясатчы Равшан Жээнбеков кайра камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн, 5-августта Биринчи май райондук соту чыгарды.

Эми ал 5-октябрга чейин камакта болот.

Жээнбековду кайра камакка алуунун себеби катары үй камагынын талаптарын бузган деген жүйө айтылды: кечки саат 22:00дөн кийин бир жолу сыртка чыккан.

Анын жактоочусу Замир Жоошевдин айтымында, акыркы ирет Жээнбековдун үй камагынын мөөнөтү 11-майга чейин узартылган. Андан кийин бул маселе каралган эмес. Мындан улам Жээнбеков камакта болбогон. Бирок өзү «үй камагындамын» деп эсептеп жүрө берген.

Ал эми Жээнбеков муну саясий куугунтук катары карайт.

«Менимче, бул — кезектеги саясий куугунтуктоо. Шайлоо жакындап келе жатат. Саясий кырдаал оор. Өлкөдө олуттуу саясий-экономикалык көйгөй бар. Бийлик мындай жол менен аздыр-көптүр активдүү болгон саясатчыларды саясий айдыңдан кетирүүдө», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуялары боюнча кармалган. Былтыр октябрдагы окуялардан кийин ал үй камагына чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM