Кыргызстандык окуучу Камил Мамбетов Японияда өткөн 53-Эл аралык химия олимпиадасында коло байге алды.
Ал олимпиадада 52,79 упай алып, коло байгеге татыган.
Камил Мамбетов Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицейде окуйт. Ал былтыр да бул олимпиадага катышып, коло байге алган.
Олимпиада 25-июлдан 2-августка чейин аралыктан өткөрүлгөн. Ага 79 мамлекеттен 312 окуучу катышкан.