Connect with us

Милициянын участкалык кызматкерлери экономикалык кылмыштарды иликтеп баштайт

Кыска кабар | 5 Авг 2021 | 1645 | 0

Милициянын участкалык кызматкерлерине экономикалык тармактагы мыйзам бузууларды иликтөө боюнча ыйгарым укуктарды берүү пландалууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМден белгилешкендей, 15-июлда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров ИИМ менен Салык кызматына мекемелер аралык комиссия түзүп, экономикалык тармактагы (лицензия, уруксат берүү ж.б.) мыйзам бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ИИМге (участкалык кызматкерлерге) ыйгарым укуктарды берүү боюнча документтин долбоорун бир ай ичинде иштеп чыгууну жана Министрлер кабинетине сунуштоону тапшырган.

Милициянын участкалык кызматкерлерине экономикалык тармак боюнча ыйгарым укук берүү үчүн бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек болот. Мындан улам бул багытта иш алып баруу үчүн жумушчу топ түзүлгөн.

Кечээ, 4-августта жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өтүп, участкалык кызматкерлердин ыйгарым укуктарын кеңейтүү маселеси каралган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM