Connect with us

COVID-19: 505 миңден ашуун адам вакцина алды

Кыска кабар | 5 Авг 2021 | 475 | 0

5-августка карата өлкө боюнча 505 миңден ашуун адам коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Министрликтин айтымында, жалпысынан 641 миңден ашык вакцина сайылган, тактап айтканда, жарым миллиондон ашык адам биринчи дозасын, 135 миңден ашык адам экинчи дозасын кошо алган. Бул эмделүүгө тийиш болгон өлкө жарандарынын 14,8 %ын түзөт.

Белгилей кетсек, COVID-19га каршы эмдөө боюнча улуттук планга ылайык, вакцина ала тургандар 3.4 млн адам деп белгиленген. Жалпы иммунитетти пайда кылуу үчүн өлкө жарандарынын 70%ы, тактап айтканда, 2.4 миллионго чукул адам эмделүүгө тийиш.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM