Connect with us

Кой-Таш окуясы боюнча китеп жарык көрдү

Кыска кабар | 5 Авг 2021 | 673 | 0

Казыбек Белековдун «Кой-Таш окуясы — 2019. Атамбаевдин ишке ашпай калган «мамлекеттик төңкөрүшү» аттуу китеби жарык көрдү.

Маалым болгондой, китепте окуя боюнча серепчилердин пикирлери, катышкан адамдардын көрсөтмөлөрү буга чейин жарыкка чыга элек даректүү маалыматтар, окуянын урунттуу учурлары фактылар менен баяндалып берилген. Басылма жалпысынан Кой-Таш окуясынын айланасындагы талаш жараткан жагдайларды ачыктайт.

Белгилей кетсек, 7-августта Кой-Таш окуясына 2 жыл толот. 2019-жылдын 7-августунда Атамбаевди кармоо, тергөө абагына алып келүү боюнча УКМК кызматкерлери операция жүргүзгөн. Тилекке каршы, биринчи күндөгү аракет ийгиликсиз аяктап, «Альфа» атайын бөлүгүнүн жетекчисинин орун басары Үсөн Ниязбеков каза таап, 6 кызматкер барымтада калган. Андан тышкары 40тан ашуун адам ар кандай жаракат алган. Чүй ОИИБнин башчысы Самат Курманкулов оор жарадар болуп, Бишкекте, андан кийин Москвада операция жасалган. Эки жылдан бери дарыланып келет.

8-августта Ички иштер министрлигинин атайын операциясынан кийин Алмазбек Атамбаев жана анын айрым тарапташтары өз эрки менен колго түшүп беришкен.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM