Connect with us

Талант Мамытов Иран президентинин инаугурациясына катышат

Кыска кабар | 5 Авг 2021 | 343 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Ирандын президенти Ибрахим Раисинин бүгүн, 5-августта өтө турган инаугурациясына катышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Төрага баштаган делегация 4-августта Иранга иш сапар менен учуп кеткен. Делегациянын курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Замирбек Эсенаманов, Кыргызстандын Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыков бар.

Иш сапардын алкагында Мамытов Ирандын жетекчилери, инаугурацияга келген чет элдик делегациялардын башчылары менен жолугушуу өткөрөрү пландалган.

Ибрахим Раисинин инаугурациясы жергиликтүү убакыт боюнча 17:00дө (Бишкектики боюнча 18:30да) башталат. Ага 73 мамлекеттен келген президенттер, парламент спикерлери, тышкы иштер министрлери, жалпы 100дөн ашык расмий адам катышары айтылууда.

Белгилей кетсек, Иранда президенттик шайлоо 18-июнда болуп өткөн. Шайлоону 17 млн 800 миң адамдын добушун алган Ибрахим Раиси жеңип чыккан. Ал 1960-жылы 14-декабрда туулган. Учурда 60 жашта.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM