Кыргызстанда ишкер айымдар үчүн биринчи жолу Call-борбор иштеп баштайт. Бул тууралуу JIA бизнес ассоциациясы билдирди.
Call-борбор COVID-19дан жабыркаган ишкер айымдарга колдоо көрсөтүү үчүн ачылууда. Алар борбордон каржы, укук жана психология жаатында адистерден кеңеш ала алышат.
Call-борбор эки ай иштейт. Байланыш номери: 0500 996 106.