Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси болуп Мырзабек Жыпаркулов дайындалды

Кыска кабар | 4 Авг 2021 | 292 | 0

Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын жетекчиси болуп Мырзабек Жыпаркулов дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин ал өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору болуп иштеген.

Ошондой эле Ош шаарынын мэринин маалымат катчысы болуп иштеп келген Азамат Абсаттаров мэрдин кеңешчиси болуп дайындалган.

Дайындоолор тууралуу буйруктарга борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов кол койду.

Таалайбек Сарыбашов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп 2-августта дайындалган. Ага чейин ал Ош шаарын жетектеп келген.

Азамат Абсаттаров

Мырзабек Жыпаркулов

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM