Биз менен байланышыңыз

Президент Айсулуу Тыныбекованы Олимпиаданын күмүш байгесин алышы менен куттуктады

Кыска кабар | 4 Авг 2021 | 501 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-августта, телефон аркылуу эркин күрөш боюнча балбан Айсулуу Тыныбекованы Токиодо (Япония) өтүп жаткан Олимпиада оюндарында күмүш медаль алышы менен куттуктады.

Президент Айсулуу Тыныбекова даңктуу жеңиштери менен Кыргызстанды бир нече жолу дүйнөлүк аренага даңазалаганын, аны келечекте дагы албан-албан ийгиликтер күтүп жатканын белгиледи.

Жапаров үй -бүлөсү менен финалдык таймашты көргөндүгүн, мындан тышкары, жүз миңдеген мекендештер түз эфирдеги күрөштү көрүп, Айсулууну сүрөп турушканын кошумчалады.

«Бул бүтүндөй Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү унутулгус күн. Сиздин жогорку сыйлыгыңыз көп жылдар бою талбай машыккан эмгегиңиздин, жеңишти көздөгөн темирдей эркиңиздин, улуу максаттарга умтулгандыгыңыздын акыбети болуп калды. Сиз татыктуу күрөш, мыкты даярдык жана майтарылгыс моралдык дух көрсөттүңүз», — деди ал.

Президент олимпиадалык команданын спортчулары менен машыктыруучулар курамына чың ден соолук жана жаңы-жаңы жетишкендиктерди каалап, Мекенине аман-эсен кайтып келип алышын тиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM