Биз менен байланышыңыз

Олимпиада: Медалдар боюнча Кыргызстан Борбор Азияда экинчи

Кыска кабар , Спорт | 4 Авг 2021 | 1424 | 0

Токиодогу Олимпиада оюндарында Кыргызстан медалдар боюнча 200дөн ашык мамлекеттин ичинен 61-орунга көтөрүлдү.

Ал эми Борбор Азия мамлекеттери арасында Кыргызстан экинчи келүүдө (4-августка карата). Өзбекстан 2 алтын, 1 коло менен 30-орунда, Түркмөнстан 1 күмүш менен 71-орун жана Казакстан 4 колосу менен 72-орунда турат.

Тажикстандын спортчулары Олимпиада оюндарында байге ала алган жок.

Учурда Кыргызстанга бул Олимпиадада үч балбан байге алып берди. Кечээ, 3-августта Акжол Махмудов күмүш алса, Мээрим Жуманазарова коло медаль утту. Бүгүн, 4-августта Айсулуу Тыныбекова күмүш байге алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM