Connect with us

Акжол Махмудов грек-рим балбандарынын дүйнө рейтингинде экинчи орунга көтөрүлдү

Кыска кабар , Спорт | 4 Авг 2021 | 1573 | 0

Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсүнүн 77 килограмм салмактагы грек-рим балбандарынын рейтингинде экинчи орунга көтөрүлдү.

Кечээ, 3-августта кыргызстандык балбан Олимпиаданын күмүш байгесин уткан. Финалдык беттеште ал венгриялык Тамаш Лёринц менен күрөшүп, 1:2 эсебинде жеңилген.

Махмудовдун күмүш байгеси Кыргызстандын  Токиодогу Олимпиада оюндарындагы алгачкы медалы болду. Ал Кыргызстандын тарыхында Олимпиаданын финалына чыгып, күмүш медалын уткан кыргызстандык экинчи спортчу болуп калды.

Дүйнөлүк рейтингдин биринчи орунунда мурункудай эле Тамаш Лёринц турат (Акжол Махмудовду финалда жеңген балбан).

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM