Биз менен байланышыңыз

БШК Токмок шаардык кеңешине болгон кайра шайлоону тааныды

Кыска кабар | 4 Авг 2021 | 562 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Токмок шаардык кеңешине болгон кайра шайлоонун жыйынтыгын бекитип, жаңы шайланган депутаттарды каттоого алуу чечимин чыгарды. Мындай чечим 2-августтагы отурумда кабыл алынган.

Кайра шайлоонун жыйынтыгы менен Токмок шаардык кеңешине 5 партия өттү. Эми шаардык кеңешке өткөн «Бирге-Вместе» партиясы — 9, «Эмгек» — 8, «Асыл мурас-жаштар» — 5, «Патриот ынтымагы» — 5, «Эл биримдиги» партиясы — 4 мандат алат.

Белгилей кетсек, быйыл 11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо болгон. Кийинчерээк мыйзам бузуулар болгон деген жүйө менен Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Андан кийин бул үч шаарда кайра шайлоо белгиленип, ал 11-июлда өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM