Биз менен байланышыңыз

Никени Бишкекте 1797 сомго, Ошто 822 сомго каттайт

Кыска кабар | 4 Авг 2021 | 526 | 0

Жарандарга документ берүүнүн атайын төлөмдөрү бекитилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, банктык төлөмдөрдү кошо эсептегенде күбөлүктөр төмөнкү баалар менен бериле турган болду:

  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүк – 54 сом;
  • Өлгөндүгү тууралуу күбөлүк – 13 сом;
  • Никелешүү тууралуу күбөлүк – 57 сом;
  • Никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк – 20 сом;
  • Аты-жөнүн өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк – 13 сом;
  • Күбөлүктү кайталап алуу (дубликат) – 110 сом.

Айта кете турган жагдай, бул баалар атайын бланка үчүн гана төлөнөт, каттоо кызматы акысыз жүргүзүлөт. Ошол эле учурда туулгандыгы тууралуу күбөлүктү салтанаттуу тапшыруу аземи кайра жанданды, бул кызмат көрсөтүү акысыз болот.

Ал эми никени салтанаттуу каттоонун баасы банктын төлөмдөрдү кошуп эсептегенде төмөнкү суммаларда бекитилди:

  • Бишкек шаарынын Бакыт өргөөсүндө – 1797 сом;
  • Ош шаарынын үйлөнүү үлпөт үйүндө – 822 сом;
  • Бишкек жана Ош шаарларында ЖААК бөлүмдөрүнүн имаратынан тышкаркы жерде – 4038 сом;
  • Райондук ЖААК бөлүмдөрүндө – 358 сом, той өткөн жерге барып тапшырган учурда – 826 сом.

Ошол эле учурда Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) бөлүмдөрүнүн ыкчам кызматынын наркы банктын кызматын кошкондо мындай өлчөмдө белгиленди:

  • шашылыш түрдө жарандык абалдын актыларынын жазууларына оңдоолорду, толуктоолорду киргизүү – 600 сом;
  • аты-жөнүн өзгөртүүнү тез арада каттоо – 600 сом;
  • жарандык, каттоо, калкты документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматты шашылыш ырастоо – 170 сом.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул баалар коррупцияны жоюу, ачык-айкын иш алып баруу максатында жарыяланып жатканын, төлөмдөр банк аркылуу гана жүргүзүлөрүн маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM