Биз менен байланышыңыз

Токио-2020: Бүгүн Айсулуу Тыныбекова алтын үчүн япониялык балбан кыз менен күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 4 Авг 2021 | 892 | 0

Бүгүн, 4-августта кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Олимпиада оюндарынын финалында япониялык Юкако Каваи менен алтын үчүн күрөшөт.

Эки балбан кыздын беттеши Бишкек убактысы боюнча саат 17:55те башталат.

Буга чейин эки спортчу үч ири мелдеште күрөш өткөргөн. Анын экөөсүндө Тыныбекова жеңсе, бирөөсүндө жеңишти япониялык балбан илип кеткен.

Белгилей кетсек, Тыныбекова Олимпиада оюндарында килем үстүнө 3-августта чыккан. Биринчи беттешинде ал латвиялык Анастасия Григорьева менен күрөшүп, 8:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалда румыниялык Криста Тунде Инченин далысын килемге басып, таза жеңишке жеткен. Жарым финалда украиналык балбан кыз Ирина Коляденко менен күрөшүп, аны 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM