Биз менен байланышыңыз

Дастан Бекешев Аскер прокуратурасына чакырылды

Кыска кабар | 4 Авг 2021 | 252 | 0

Депутат Дастан Бекешев бүгүн, 4-августта Аскер прокуратурасына чакырылды. Бул тууралуу ал өзү Телеграм каналына жазды.

Бекешевдин айтымында, прокуратурага Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө добуш берүү маселеси боюнча чакырылган.

«2016 же 2017-жылдары Суу кодекси боюнча добуш бергенбиз. Ал мыйзам менен Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн иштетүүгө урусат берилген. Мен анда каршы добуш бергем. Ал мөңгүлөрдү иштетүүгө бербеш керек болчу деп эсептейм. Бирок көптөр аны колдогон. Анда коррупция болгон деп териштирип жатат окшойт», — деди ал.

Ал добуш бергени үчүн депутатка кылмыш ишин козгоо туура эмес деген ойдо.

«Депутат добуш бергени үчүн укуктук жоопкерчиликке тартылбайт да. Моралдык жагын түшүнөм: шайлоочулар сен мамлекеттин кызыкчылыгын сатат экенсиң, парламентке өтпөйсүң десе. Мен каршы добуш берген болсом да, колдогон депутаттарга кылмыш ишин козгоо туура эмес деп ойлойм», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM