Connect with us

Токон Мамытов Данияр Нарымбаевди бошотууну өтүндү

Кыска кабар | 4 Авг 2021 | 541 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Акыйкатчынын аппаратынын өкүлдөрү ушул жылдын 9-июнунда коррупцияга шектелип камакка алынган Данияр Нарымбаевдин абалынан кабар алышты.

Акыйкатчы аппаратынын маалымат кызматынын билдирүүсүнө таянып айтсак, Данияр Нарымбаев оор абалда абактан «Бикард» клиникасына жаткырылган. Клиникадан ага көптөгөн диагноздор (жүрөктүн коронардык оорусу (КБС), кыймылдын азаюусунан улам жүрөктү май басуу, стенокардия, аортанын атеросклерозу, коронардык артерия, гипертония, пневмония ж.б.) коюлган. Ошондой эле өпкөнүн сезгенүүсү 4 күндүн ичинде эле (патологиялык процессте) 30%дан 50%га көтөрүлүп кеткен. Дарыгерлер аппарат өкүлдөрүнө бул дагы күчөшү мүмкүн экенин, өпкө жарактан чыгып, айыккан учурда да кычкылтекке көз каранды болуп каларын айтып беришкен.

Мындан улам Нарымбаевди камакта кармоо толук дарылоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, өмүрүнө коркунуч жаратат деп эсептеген акыйкатчы Токон Мамытов башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана сот органдарына камактагы экс-чиновниктин баш коргоо чарасын өзгөртүү, абактан бошотуу өтүнүчү менен кайрылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM