Биз менен байланышыңыз

Баткен: Лейлек районунда кайрадан сел жүрдү

Кыска кабар | 4 Авг 2021 | 571 | 0

Баткен облусунун Лейлек районунда сел жүрүп, 35 үйдү суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кечээ, 3-август саат 17:40 чамасында ак жаан төгүп, аягы селге айланган. Жаандын кесепетинен Ак-Терек айылындагы 11 үйдү суу басып, 8 үйдүн короосун сел каптаган. Ошондой эле Ак-Суу айылындагы 2, Катраң айылынын Таңгиоозу аймагындагы 4, Калтарык аймагындагы 4 үйдүн короосуна суу кирген. Жалпысынан 21 үйдүн ичин жана короосун, 14 үйдүн чарбагын (тамарка) суу баскан.

Мындан сырткары Ош-Баткен-Исфана жолунун айрым тилкесин, Катраң-Өзгөрүш жолун, Самат-Замборуш-Жаркыштак жолун сел жууп, айрым жерлери кум-шагылга толуп калган.

Учурда ӨКМдин Лейлек райондук бөлүмү тазалоо иштери жүргүзүп, жергиликтүү комиссия табият кырсыгы тарттырган чыгымдарды тактап жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM