Биз менен байланышыңыз

Улукбек Марипов олимпиадада медаль алган балбандарды куттуктады

Кыска кабар | 4 Авг 2021 | 371 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов XXXII жайкы Олимпиадалык оюндарында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медаль алган Акжол Махмудовду жана кыз-келиндер күрөшү боюнча коло медаль алган Мээрим Жуманазарованы куттуктады.

«Мен үчүн биздин спортчуларыбыздын опимпиадалык жеңиштеринин күбөсү болуу чоң сыймык. Сиздер өз мекениңиздердин эгемендигинин 30 жылдыгына карата мыкты белек кылдыңыздар. Биз сиздер менен сыймыктанабыз, өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү болдуңуздар. Өлкө желегин жогору желбиретип, мекендештерибизге жаркын маанай тартуулаганыңыздар үчүн сиздерге ыраазычылык билдирем!», – деди Улукбек Марипов.

Ошондой эле ал Айсулуу Тыныбекованы ишенимдүү түрдө финалга чыгуусу менен куттуктап, алдыдагы таймашта жеңишти багындыруусун каалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM