Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азисбеков (87) Токиодогу Олимпиада оюндарында көңүл жубатуучу беттеште жеңилип, коло байге үчүн күч сынашуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.
Бүгүн, 4-августта ал германиялык Денис Кудла менен күрөшүп, атаандашына 2:10 эсебинде утулду.
Белгилей кетсек, Азисбеков 3-августта биринчи кармашында Виктор Лёринцке жеңилген. Венгриялык балбан финалга өтүп, Азисбеков көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган.