Биз менен байланышыңыз

Жапаров Мээрим Жуманазарованы Олимпиадада коло байге алышы менен куттуктады

Кыска кабар | 3 Авг 2021 | 638 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-августта телефон аркылуу улуттук олимпиадалык курама команданын мүчөсү, эркин күрөш боюнча балбан Мээрим Жуманазарованы Токиодо (Япония) өткөн Олимпиада оюндарында коло медалга ээ болушу менен куттуктады.

Президент кыргыз элинин жана өзүнүн атынан спортчуга жогорку жетишкендиги үчүн терең ыраазычылык билдирди.

«Өлкөбүздүн намысы үчүн акырына чейин күрөшөрүңүзгө баарыбыз ишенгенбиз. Кылдат чеберчилик, бекем эрк жана кайраттуу мүнөз менен күчтүү атаандашыңызды жеңип алдыңыз. Бүт өлкө сизди сүрөп, сиз үчүн кабатырланып жатты. Соңунда биздин үмүтүбүздү актап, жалпы кыргызстандыктарга кубаныч тартууладыңыз», — деди ал.

Жапаров таланттуу спортчу кыздардын азыркы плеядасы Кыргызстанда аялдар күрөшүн жандандырганын, ага кошумча мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, улуттук спорттун тарыхында жаңы барак ачып, өлкөнү дүйнөлүк деңгээлде даңазалаганын баса белгиледи.

Садыр Жапаров Мээрим Жуманазаровага жана улуттук олимпиадалык команданын бардык мүчөлөрүнө чың ден соолук, ийгиликтер менен жаңы-жаңы жеңиштерди каалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM