Биз менен байланышыңыз

Президент Акжол Махмудовду Олимпиададагы күмүш байгеси менен куттуктады

Кыска кабар | 3 Авг 2021 | 464 | 0

ПрезидентиСадыр Жапаров бүгүн, 3-августта, телефон аркылуу улуттук курама команданын мүчөсү, грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудовду Токиодогу (Япония) Олимпиада оюндарында күмүш медаль жеңип алгандыгы менен куттуктады.

«Көптөн берки талбаган эмгегиңдин жана талантыңдын натыйжасындагы ийгиликтүү жетишкендигиңди чын жүрөктөн куттуктайм. Сен али жашсың, келечекте алтын медалды дагы багындырасың. Сен бүгүн Манастын чыныгы тукуму экениңди далилдедиң. Олимпиадада күмүш медаль баарынын бактысына эле жазыла бербейт. Мындай жетишкендик улуттук спорттун тарыхында көп деле болгон эмес, ошондуктан бул ийгилик жалпы кыргызстандыктар үчүн өтө маанилүү жана өтө баалуу. Миллиондогон мекендештерибиз демин ичине катып, сенин күрөшүңдү көрүп турушту, чын жүрөктөн сүрөп, чын жүрөктөн кабатырланып жатышты. Биз спортчуларыбызды Мекенибизде чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Аман-эсен кайтып келип алышыңды каалайм!» — деди ал.

Жапаров Кыргызстандын олимпиадалык курама командасына мындан ары да ийгиликтерди каалап, калган спортчулар дагы сөзсүз жогорку сыйлыктарга ээ болоруна ишеним артып жаткандыгын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM